Коңшу Өзбекстанда 95 жаштагы жаран жогорку окуу жайына тапшырды. Бул тууралуу тест борборунун өкүлдөрү маалымат жыйынында билдиргенин, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Жогорку окуу жайына тапшыргандардын ичинен эң жашы 13 жашта болсо, эң карысы 95 жашта. ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн документтерин тапшыргандардын жалпы саны 1 миллион 484 миң 85 адамды түздү", - деп билдиришкен тест борборунун өкүлдөрү.
Былтыркы жылы Өзбекстанда ЖОЖго тапшырган эң жаш абитуриент 14 жашта болсо, эң карысы 87 жашта болгон.