Мамлекеттик жетекчилер профессор Абдырахман Мавляновду эскеришти. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 22-июлда 73 жашында техника илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, АДАМ университетинин президенти, Эл аралык инженердик академиясынын академиги Абдырахман Мавлянов дүйнөдөн кайтты.
Абдырахман Мавлянов 1947-жылы Жалал-Абад облусунун Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунда туулган.
1965-жылы Фрунзедеги автомобиль-жол техникумун аяктаган.
1971-жылы Ленинграддагы инженердик-курулуш институтун, ал эми 1975-жылы ушул эле институттун аспирантурасын аяктаган.
Ал эми 1979-жылы Ленинградда кандидаттык диссертациясын жактаган. 1992-жылы ЖАКтын чечими менен ага профессор наамы ыйгарылган. 2003-жылы Санкт-Петербургдагы архитектура жана курулуш мамлекеттик университетинде доктордук диссертациясын жактаган.
Ал өзүнүн эмгек жолун Кыргыз ССРнин Автожол министрлигинин №12 ЖКЭБде (Жаңы-Жол району) инженер кызматынан (1965-1966) баштаган, кийин улук лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доцент, Фрунзедеги политехникалык институтунун кафедра башчысы (1971-1990), Оштогу Жогорку технологиялык колледждин проректору (1991-1993) болуп иштеген. 1993-жылы Жалал-Абаддагы мамлекеттик университетти түзүү боюнча жумушчу топту жетектеген. 1995-жылдан 2012-жылга чейин Бишкектеги финансылык-экономикалык академиянын ректору кызматын ээлеген. 2005-2013-жылдары Абдырахман Субанкулович Кыргыз Республикасынын ЖАКтын курулуш жана архитектура боюнча Эксперттик кеңешинин төрагасы болгон.
2013-жылдын июнунан 2017-жылдын ноябрына чейин Мавлянов Жогорку аттестациялык комиссиясын жетектеп келген.
50 жылга жакын убакыттын аралыгында Мавлянов тарабынан ири көлөмдүү керамикалык буюмдар үчүн жасалма техникаларды чыгаруу максатында сырьёлук аралашмаларды эсептөө боюнча илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анын жетекчилиги алдында чопо сырьёну биологиялык жактан байытуу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлгөн жана тирүү организмдердин жардамы менен (силикат бактериялары) курулуш керамиканы (кыш) өндүрүү үчүн негизги сырьёнун технологиялык касиеттерин жакшыртуу мүмкүнчүлүгү далилденген, бул бүткүл Орто Азия региону үчүн актуалдуу болуп эсептелет.
1982-1983-окуу жылында «La Sapienza» Рим Университетинде (Италия) өткөн бир жылдык илимий стажировкасында Италиядагы СССРдин өкүлчүлүгүнүн тапшырмасы менен UNIMORANDO консорциумуна кирген бардык фирмаларга СССРдин Курулуш материалдарынын министрлиги тарабынан кыш өндүрүү боюнча завод-автоматтарды сатып алуу боюнча эксперттердин бири болуп барган.
Мавлянов 150дөн ашуун илимий эмгектердин, 5 монографиянын жана 3 ойлоп табуулардын, 30дан ашуун методикалык көрсөтмөлөрдүн автору. Бир илимдин докторун жана үч илимдин кандидатын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү үчүн жүздөгөн адистерди даярдаган.
"Абдырахман Мавлянов өлкөнүн билим берүүсүнө, илимине, курулуш секторуна өзгөчө эмгек сиңип, миңдеген адистерди даярдап, туугандарынын, жакындарынын жана элибиздин эсинде дасыккан илимпоз, жетекчи жана тарбиячы катары түбөлүккө калат.
Үй-бүлөсүнө, балдарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат эскерүүдө.
Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, Кубатбек Боронов, Аида Исмаилова жана башкалар.