ЖКда калкынын саны аз болгон айылдарды бириктирүү сунушу айтылды

“Кыргызстанда районго жана республикага баш ийген шаар” деген шаарлардын 2 түрү болушу керектиги тууралуу сунуш ЖКнын жыйынында айтылды. Бул тууралуу “КРнын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Өмүрбек Текебаев бүгүн, 12-сентябрда ЖКнын жыйынында билдирди. Айтымында, Кыргызстанда учурда 31 шаар бар. “Кээ бир айылдарда 30-60 миң калк жашаган айыл өкмөттөрү бар, айрым айыл өкмөттөрүндө 2 миң эле адам бар. Ушуга байланыштуу айылдарды, айыл өкмөттөрүн бириктирип, укуктук базаларды түзүү керек. Бул мыйзам долбоорунун негизи ушунда”,- деди Текебаев. Өз кезегинде депутат Кожобек Рыспаев бул мыйзам долбоору абдан жакшы экендигин айтып, бул маселе боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу өкмөткө тапшырылганын айтып, бирок жыйынтык чыкпай келгенин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан