Түркмөнстанда банкоматта кезек күтүп тургандар мушташып, бир аял тебелендиде калып каза болду

Түркмөнстандын Фараб шаарында банкоматтан акча алуу үчүн кезекте тургандар жаңжалдаша кетип, анын кесепетинен кезекте турган 65 жаштагы аял киши тебелендиде калып каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя 20-июлда Фараб шаарындагы "Дайханбанк" аттуу банкоматтын алдында болгон. Анда адамдар 45 градус ысыкта кезек күтүп турушкан. Катарда тургандардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, жаңжалдаша кетишкен. Анын кесепетинен кезекте турган аял киши тебелендиде калган. Маркум "Тез жардам" унаасында бара жатып көз жумган.

Ал эми банк кызматкерлери аял күн ысыкта кан басымы жогорулап кетип каза болгон деп билдиришкен. Узун кезек өлкө бийлиги банктардын санын кыскартып жаткандыктан келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан