Дональд Трамп АКШдагы Кытайдын дипломатиялык мекемелерин жабууну талап кылышы мүмкүн

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Хьюстон шаарынан башка дагы АКШдагы Кытайдын дипломатиялык мекемелерин жабууну талап кылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Морган Ортагус америкалыктардын интеллектуалдык менчигин жана жеке маалыматтарын коргоо максатында Хьюстон шаарындагы Кытай Эл Республикасынын башкы консулдугун жабууга буйрук берилгенин билдирген.

"Өзүңүздөр эмне болуп жатканын көрүп жатасыздар. Биз жапкан консулдукта өрт чыкты деп ойлойлу. Муну баары айтып жатышат. Алар документтерди жана кагаздарды өрттөп жиберген деп ойлойм. Бул эмнени билдирери кызык", - деген Дональд Трамп.
АКШ бийлигинде башкы консулдуктун кызматкерлери документтерди өрттөп жиберишкен деген маалыматка ээ болушканын кошумчалаган.
Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлиги мындай кадамды эл аралык укукка туура келбейт деп баалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан