"Москва-Сити" борборунда “агарып аткан таңым элең сен” деп мукамдуу үнү менен созолонто ырдаган Толкунбек эсиңиздедир. Аталган видео социалдык тармактарга тарап, интернет желесинен түшпөй калганы бышык.
Анын биринде алып баруучу жана актёр Эркин Нурбаев Инстаграм баракчасына “Ушул видеодо ырдаган жигитти кантип тапсак болот, акчалай болбосо дагы бир ырын жаздырып, клип тартып берсек сонун болчудай. Менин чоң кыялым бар... Таланттуу мекендештерибиз өлкөбүзгө кайтып келсе. Эл ичи, өнөр кенчи” деген билдирүү жазган.
Ал эми аталган ырды аткарган мекендешибиз Толкунбек Курманбеков SUPER.KG порталына кыскача маек берди.
- Саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу кыскача айта кетсеңиз.
- Саламатчылык. Мен 1998-жылы Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келгем. Билимим орто. Мектепти бүтөөрүм менен Орусияга келип, ошол бойдон ушул жакта жүргөнүмө 5-6 жыл болду. Ортодо Кыргыз өлкөсүнө барып, аскердик кызматымды өтөп келгем. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз.
- Мекенге кайтып келгенде чыгармачылык менен алектенесизби? Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Буюрса деп турам. Эл колдоп, чыгармачылыгыбызды жактырып турса сөзсүз түрдө ырдап чыгабыз деген үмүттөмүн.
- Интернетке тараган видео тууралуу айта кетсеңиз, ырдайм деп атайын даярдык көрсөңүз керек?
- Жок (күлүп). Видео кокусунан тартылган, бул ыр менен интернет жылдызы болуп кетем деп такыр ойлогон эмесмин. Достор менен бир аз сейилдеп жүрүп, ырдап койдук эле. Видеону өзүм жүктөгөм, мага көп деле жаккан эмес, ошол үчүн 5 сааттан кийин өчүрөм деп жазып койгом. Көрсө видео тарап кетиптир, анан эле Кыргыз өлкөсүнөн тынымсыз жазып башташты. Жардам берем, колдойм деген инсандар дагы өтө көп болду. Ал байкелерге ыраазымын. Ал эми ырдын автору, досум Бекжан Темирханов.
- Аталган видеонун алдында ой-пикир калтырган бөлүктү окуп жатсаңыз керек, көпчүлүктү кызыктырган суроо жүрөгүңүздүн ээси барбы деп сурап жатышат.
- Жок. Азыр эми жашпыз. Жүрөгүм дагы, башым дагы бош (күлүп).
- Маегиңизге рахмат! Ишиңизге ийгилик!
- Сиздерге дагы рахмат!
Учурда өлкөдө болуп жаткан акыркы оор кырдаалда коомго позитивдүү маанай тартуулаган себептер да аз болууда. Кээде шаңдуу жана жагымдуу ыр уксаң мээң сергип, көңүл көтөрүлүп калат эмеспи. Андыктан элдик таланттарды да колдоп, жакшы сөздөрүбүздү айтып туралы.