9-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Чүйдүн Чалдыбар айылында жол кырсыгы катталып, ага күнөөлүү деп казакстандык жаран кармалды. Айдоочу автоунаасы менен Бишкек-Чалдыбар багытында бара жатып жөө адамды сүзүп кеткени айтылды. Жаракат алган жаран окуя болгон жерден каза тааптыр, ал эми кылмышка күнөөлүү ал жерден качып кеткен. Чүй ИИББ билдиргендей кырсыкка айыпталып 28 жаштагы казакстандык Б.А. аттуу жаран колго түштү. Ал кылмышын моюнга алып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.