Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 90 жаштагы карыяны белгисиз адам сабап салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жабырлануучунун иниси Абдурахман Кыргызбаев билдирди.
"Бул окуя 9-июль күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда агам Базар-Коргондун базарынан майда-чүйдөсүн алып, үйүнө кетүү үчүн таксилер турган жерге барыптыр. Ошол жерден таксисттер менен сүйлөшүп турганда, тааныбаган эле адам аркасынан келип уруп, жыгылып калганда тепкилептир. Ал жерден таксисттер агамды ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер баласына телефон чалып, ал келгенден кийин дарыгерлер агамды каттоого дагы албай жакшы эле экен деп башын таңып, кетирип ийиптир.
Кийин агам түнү менен кыйналганынан Ноокендеги ооруканага алып келишкен. Ноокенден агама 5 саат операция жасалып, 3-4 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Агамдын ичегиси беш жеринен үзүлүп, башы жарылып кетиптир", - деди Кыргызбаев.
Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБине байланышканыбызда, окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берененин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, окуя боюнча көргөн, билген атуулдар суралып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдиришти.