Бишкек шаарынын Борбордук мечитинин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Кечээ, 23-июлда Бишкек шаарындагы Борбордук мечиттин кызматкери Акмат ажы Жумагул уулу 46 жашында узакка созулган оорудан кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай окуя жалпы жамаат үчүн оор жоготуу болгондугун Бишкек шаарынын казысынын милдетин аткаруучу Эрназар ажы Асатов баса белгилеп, маркумдун жакын туугандарына жана жалпы мечит жамаатына көңүл айтты. "Жумагул уулу Акмат ажы көп жылдардан бери динибизге кызмат кылып келе жаткан кесиптешибиз эле. Убагында Чүй облусундагы казынын орун басары, Бишкек шаардык Борбордук мечитте наиб имамдык кызматтарды аткарып келди. Аллах бардык кылган жакшылыктарын кабыл кылган болсун, арты кайырлуу болсун. Жасаган сооптуу иштерин Аллах Таала кабыл кылсын", - деди Эрназар ажы.

Акмат ажы Жумагул уулу 1974-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрөлгөн. 2003-жылдан бери дин тармагында кызмат кылып келе жаткан.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Акмат ажы Жумагул уулунун мезгилсиз дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Hadyja
2020-07-24 13:16:21
Аллах Таала жанын Жаннаттан Кылсын!
+5
Topcubai
2020-07-24 14:06:31
Инна лиллаахи уа инна илайхи рожиъуун.
+5
sinej
2020-07-24 15:32:53
46 жаш эмес эле чал го бул.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан