Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов АФКнын аткаруучу комитетинин жыйынына катышты

Кечээ, 23-июлда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) 2019-2023-жылкы чакырылышындагы аткаруучу комитетинин төртүнчү жыйыны өттү. Аталган жыйынга Кыргыз футболдук союзунун президенти Канатбек Маматов катышты. Жыйын биринчи жолу онлайн режимде өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, жыйындын жүрүшүндө АФК президенти Шейх Салман ассоциация жана мүчөлөрдү СOVID-19 пандемиясында аткарган жана аткарып жаткан жумуштарына ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жыйындын катышуучулары Австралия футбол федерациясын 2023-жылы кыз-келиндер арасындагы дүйнө биринчилигин Жаңы Зеландия менен өткөрүү мүмкүнчүлүгүн алгандыгы менен куттукташты.

"Азия чөлкөмү жакынкы жылдары дүйнөлүк футболдун көңүл борборунда болот. Алсак, Катар-2022 мундиалы, Австралия/Жаңы Зеландия 2023-жылы кыз-келиндер арасындагы Дүйнө чемпиондугу, 2021-жылы клубдар арасындагы Дүйнө биринчилиги Кытайда өтөт. Ошондой эле кийинки жылы Токиодо олимпиаданын футболдук мелдеши, 17 жашка чейинки кыздар арасындагы Дүйнө биринчилиги Индияда өтөт жана 20 жашка чейинки уландар арасындагы Дүйнө чемпиондугун Индонезия тосуп алат. Мен ишенем, бардык мелдештерди мыкты деңгээлде өткөрө алабыз", - деп белгиледи Шейх Салман.

Аткаруучу комитет АФКнын клубдук жана улуттук курама командалар арасындагы мелдештерди коопсуз аймактарда 2020-жылы жыйынтыктоого ишеним көрсөтүштү. Ошондой эле АФК Конфедерациянын коммерциялык укуктарын сактоо жана коргоо үчүн атайын жумушчу топ түзөт.

Аткаруучу комитеттин чечими менен АФКнын 30-Конгресси 2020-жылдын 9-декабрында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан