"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Супер-Инфо" гезитине берген маегинде бир топтон бери талкууга алынып, чекит коюлбай келе жаткан мародёрчулук тууралуу:
"Бакиевдин бийлиги 2006-жылы 600 грамм героинди матрёшкага салып, жүгүмө кошуп коюшкан. Польшадан кармалганымда Курманбек Бакиев билип туруп, бирок эл алдында чыдай албай кетип "мен Өмүрбекти жакшы билем, ал андай ишке барбайт, мен ишенем" деп айткан. Ошондой эле сөздү парламент да тараткан. Эл көчөгө чыга баштаган. Ошондо судья мага "эл ишенбей жатыптыр, президент да, парламент да билдирүү жасады" деп айтып, мына ушулардын пикири соттун чечимин чыгарууга өбөлгө түздү десем да болот.
Эми мени менен таң атканча чогуу жүрүп, Убактылуу өкмөттү түзүүгө катышып, кызматты менин колумдан алгандар, мына 2 жыл өттү, бири дагы "Текебаев менен таң атканча чогуу жүргөнбүз, андай болушу мүмкүн эмес" же "биз анын 20 жылдык өмүрүн жакшы билебиз, ал мындай ишке барышы мүмкүн эмес" деп айтууга жараган жок.
Мен Жогорку Кеңеште штаб түзгөндө дааратканага жалгыз бара албай калгам. Ушул революциячыл дем менен жүргөн жигиттер, анан баягы кызмат бөлүштүрүү менен бир жерге илешип калабызбы деген эски чиновниктер жанымдан чыкпай жүрүштү. Ошолордун бирөөсү да "а кокуй, андай болушу мүмкүн эмес, мен чогуу жүрбөдүм беле, өзүм көрүп тургам да" деп айткан жок. Аларга караганда Бакиев адам экен",- деп билдирди.
Маектин толук версиясын 13-сентябрь күнү жарык көргөн "Супер-Инфо" гезитинин жаңы санынан окуй аласыздар.