Пара алып жаткан жеринен Биринчи Май РИИБинин тергөөчүсү кармалды

Бишкек ШИИББинин өздүк коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте пара алуу фактысына шектеп Бишкектин Биринчи Май РИИБинин тергөөчөсүн кармады.

Аталган тергөөчүнүн үстүнөн шаардын М.С. аттуу тургуну арызданыптыр. Анын айтымында, тергөөчү зордуктоо кылмышына байланыштуу иш козгобоо убадасы менен андан 10 миң сом талап кылган. Тергөөчү А.З. бүгүн, 12-сентябрда аталган сумманы алып жаткан учурда кармалганын Бишкек ШИИББи кабарлады. Кылмышка шектүү учурда СИЗОдо жана тергөө башталды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
arno2008
2013-09-12 22:14:57
аттарын толук жазсанар болот эле анпесе кимдин им экени билинбей калып жатпайбы
+1
aytpaymyn
2013-09-12 22:22:18
туура,ачыка чыгыш керек,кайдан билебиз мумкун болбогон нерсе,алфавиттеги тамгаларды айтып койбой
+1
Cho
2013-09-12 23:09:48
10минсомда акчабы албай эле койбойбу 100мин сом болсода бир жон
0
MMA_1
2013-09-12 23:48:36
Cho, ачка калган учун алып жатат да бечаралар! болуп калса биз да кайрылышабыз А.Зга
0
Мелисбек
2013-09-13 07:09:14
Анын орд керек болгон ошон учун кармаса керек.
0
Azem2013
2013-09-13 09:35:27
чындап эле кылмыш кылгандардын аты жонун толук жарыялаш керек коомчулукка. ошондо билинет беттери канчалык кызараары.
0
tynara81
2013-09-13 10:23:04
Подстава кылып кармашы да мумкун, орду керек болуп чын эле))) Азыр ким албайт пара, мен да алам да берсе)))
0
admin_superstan
2013-09-13 10:51:50
Саламатсыздарбы!
Күнөөсү далилденип, соттун өкүмө чыккыча "кылмышкер" деп атоого болбойт. Андай адамдарды "кылмышка шектүү" деп толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан