Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири болгон америкалык мушкер Майк Тайсон өзүнүн жердеши, бокс тарыхындагы дагы бир мыкты мушкери Рой Жонс менен беттешет. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки мушкердин беттеши 12-сентябрда АКШнын Калифорния штатындагы Карсон шаарында өтөт.
"Ооба, Майк легенда. Аны менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк берилип жатканда, баш тартып коюу акылга сыйбаган нерсе. Мен бул мүмкүнчүлүктөн баш тарта албайм. Аны менен беттешкиси келгендердин ичинен ал мени тандады. Анан кантип баш тартмак элем?", - деген Рой Жонс.
Майк Тайсон өзүнүн акыркы беттешин 2005-жылы өткөргөн. Анда ал ирландиялык мушкер Кевин Макбрайдга жеңилип калган. Ал карьерасында жалпы 58 беттеш өткөрүп, анын 50сүндө жеңүүчү аталган.
Ал эми 51 жаштагы Рой Жонс акыркы беттешин 2018-жылы Скотт Сигмонго каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңүүчү аталган. Жалпы карьерасында ал 77 беттеш өткөрүп, анын 66сында жеңүүчү аталган.