Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин 13-саммити өтөт. Маалым болгондой, саат 10:47де президент Алмазбек Атамбаев уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары менен жолугушуп, сүрөткө түшүү болот. Андан соң тар чөйрөдөгү жолугушуулар болуп, саат 12:10до кеңейтилген форматтагы жыйын башталат. Саммитте карала турган негизги маселе - аймактык коопсуздук маселеси экенин Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.
Айта кетсек, Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. Бардык өлкөлөрдүн президенттери Бишкекке келишти. Саммитке байкоочу өлкө катары Иран, Ооганстан, Монголия, Түркия, Пакистан, Индия катышууда. Аталган өлкөлөрдүн президенттери жана өкүлдөрү да 12-сентябрда Бишкекке келишти. Бул маанилүү иш-чараны 300дөн ашык чет элдик, 100дөй жергиликтүү журналист чагылдырат.