Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон британиялыктарды ушул жайда арыктоого чакырды. Премьер-министрдин бул сунушу күзүндө болот делинип жаткан коронавирус инфекциясынын толкунун алдын алууга жардам берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Чынын айтканда, арыктоо бул өзүңүздүн тобокелчилигиңизди азайтуу жолдорунун бири", - деген Жонсон.
Жонсон өзү коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, ооруканага жаткандан кийин арыктап кеткенин айткан. "Мен учурда өз калыбымдамын. Азыркы учурда 6 жарым килограммга арыктадым. Биринчи кезекте мен тамакты аз жеп, көп машыгып жатам", - деп кошумчалаган ал.
Улуу Британияда ашыкча салмактуулук менен күрөшүү боюнча пландар жарыяланышы күтүлүүдө. Каралып жаткан сунуштарга кечки саат 21:00гө чейин керексиз тамак-аш жарнамаларына тыюу салуу кирет.
Улуу Британияда жалпы 299 миң 503 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.