UFC уюмунун чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов машыгуусун баштады. Бул тууралуу мушкердин менеджери Али Абдель-Азиз социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Даяр болуп тургула" деп жазган Абдель-Азиз.
Хабиб Нурмагомедовдун атасы, Орусиянын эмгек сиңирген машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов 3-июлда Москвадагы ооруканалардын биринде коронавирустан каза болгон. Атасы каза болгондон кийин Хабиб мындан ары беттештерге катышпайт деген сөздөр байма-бай айтылып келген.