Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 21 үйдүн короосун сел каптады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-июль күнү саат 22:15 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Казарман айылынын Кадыркул көчөсүн суу каптап 12 турак үйдүн, Б.Алиев көчөсүндөгү 9 турак үйдүн короосуна суу кирген жана Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 23-24-чакырым аралыктарын суу каптаган.
Сел алган жерге Тогуз-Торо райондук №46 райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жарандык коргонуу комиссиясы, жергиликтүү тургундар, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт комитетинен 1 жүктөгүч жана менчик 1 жүктөгүч тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамы менен унаа жолду жана турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.