Бишкекте эттин баасы кымбаттады. Маалымат экономика министрлигинин түндүк аймак аралык башкармалыгынын 5-12-сентябрга карата орточо базар бааларына карата анализинде жазылат.
Өткөн аптага салыштырмалуу Ош базарында эт 10 сомго кымбаттап, 385-390 сомго, Аламүдүн базарында уй этинин баасы 5-10 сомго көтөрүлүп – 280-325 сомго жетти.