Айсулуу Тыныбекова өмүр бою стипендия алат

Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова мамлекет тарабынан өмүр бою стипендия алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматкери Нурпери Садырбекова билдирди.

"Мамлекеттик агенттик буга чейин чоңдор арасындагы олимпиадалык спорттун бардык түрү боюнча дүйнө чемпиондугунан биринчи орунду камсыздагандарга өмүр бою стипендия берүү сунушун өкмөткө жөнөткөн. Ага макулдук берилип, токтом кабыл алынды. Буга чейин өмүр бою стипендия, олимпиада жана паралимпиада оюндарынан орун алгандарга гана берилчү", - деди Нурпери Садырбекова.

Бул стипендияны Айсулуу Тыныбекова учурдагы жетишкендиктери үчүн алып жаткан жана келечекте дагы ала турган стипендиялардын мөөнөтү бүткөндөн кийин алып баштайт. Ал өмүр бою ай сайын 20 миң сом стипендия алары белгилүү болду.

Айсулуу Тыныбекова 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
aitowa11
2020-07-27 16:44:42
Алганга татыктуу.
+21
muslima-0788
2020-07-27 17:07:46
Андан кобуроок алса да болот.Айсулуу сени менен сыймыктанабыз.
+16
Adil18
2020-07-27 17:11:34
Татыктуу!
Айсулууга ден-соолук жана эртерээк турмуш куруп,кооп балалуу болуп,бактылуу болушун каалайм.
+18
algakaray
2020-07-27 19:52:43
Айына мин доллардан стипендия берип турсак да жарашат. И так эле чондор жеп алып атат акчаны андан коро бергенибиз жакшы да. Анткени Айсулуушкабыз ага ото татыктуу.
+8
asash
2020-07-27 20:10:39
Айсулуу сен татыктуусун! Олимпийский чемпион болушунду тилейбиз, Кыргызстандын чыныгы патриот инсаны болуп журо бер! бактылуу жар бол!
+8
mr.ulan89
2020-07-27 20:21:26
20000 миң сом аз тренировка тамагына да жетпейт андан да көбүрөөк берсе болмок бирок ушуга дагы шүгүр
+8
Maksat_ad
2020-07-27 20:47:39
Бийлик омур бойу дегенге ишенбейм 5-10 жылдан киин дагы озгортуп алат
-7
Timurlan2017
2020-07-27 21:26:46
Жакшы болуптур. Айсулуу куда кааласа олимпиядадан алтын медал аласын. Азыркы учурда, дуйнода сенин весинде, сенден кучтуу эч ким жок.
+4
Kylychisa
2020-07-27 21:34:41
Айсулууду Ким алса да жыргайтта )))
+6
ZhanMM
2020-07-28 10:44:47
Күрөш менен Кыргызстандын жарымы машыгат, а чемпион жалгыз Айсулуу!
+1
Genka
2020-07-28 10:51:59
Эн сонун,жаштардын спорт менен машыгуусуна мотивация болот.
+1
Shef87
2020-07-28 13:42:21
Кандай жакшы а
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан