Сапар Исаков: "ШКУнун саммитинде Египеттеги, Сириядагы кырдаал талкууланат"

Бүгүн, 13-сентябрда ШКУнун саммитинде карала турган негизги маселе - аймактык коопсуздук маселеси экенин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди. Ошондой эле  дүйнөдөгү болуп жаткан тышкы саясаттар менен байланышкан процесстер дагы каралат. “Алардын ичинде Сирияда, Египетте болуп жаткан учурдагы абал жана 2014-жылы Ооганстандагы коалициялык аскерлерди чыгарууга байланышкан маселелер да талкууланат. Алгач президенттер тар чөйрөдөгү жолугушууларды өткөрөт. Андан тышкары кеңейтилген форматтагы жолугушуу башталып, ага президенттер жана делегациялар катышат”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан