Бүгүн, 13-сентябрда ШКУнун саммити алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин президенттеринин тар чөйрөдөгү жолугушуусун президент Алмазбек Атамбаев ачты. “Урматтуу кесиптештер, Бишкек шаарына кош келиңиздер. Биздин бүгүнкү иш жемиштүү жана жыйынтыктуу болот деп ойлойм. Бүгүн маанилүү маселелер каралат”,- деди мамлекет башчы. Ошондой эле өлкө башчылары Күн тартибин кабыл алышты. Ал эми президент Алмазбек Атамбаев саммит аяктаганда тиешелүү документтерге кол коюларын билдирди.
Саммитке Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Тажикстан, Кытай жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн башчылары, байкоочу өлкө катары Ирандын, Ооганстандын, Монголиянын президенттери, Индия, Түркия жана Пакистандын өкүлдөрү катышууда.