Социалдык тармакта Nurbek Nas деген аккаунттун ээси интернет колдонуучуларга түрдүү актуалдуу темаларга өз иллюстрацияларын көрсөтүп келет. Аталган сүрөтчү Курманжан датканын Карл Густав Маннергейм 1906-жылы тарткан белгилүү сүрөтүн MyHeritage деп аталган нейросеть аркылуу өткөрүп көргөн.
"Ал датканын кандайдыр бир көз айнек тагынса керек деп ойлоду... Кызыктай көз айнекти. Бирок жалпы жонунан жакшы кооздойт экен" деп жазган Nurbek Nas. Анын айтымында, нейросеть сүрөттөн көбүнчө чөптү жана асманды издейт, кийин ошого жараша башкалардын боёгун өзгөртөт.
Жыйынтыгында сүрөттө чөп жашыл түстө көрүнүп, боз үйдүн оймо-чиймелери кызыл болуп көрүнгөн. Курманжан датка күмүш түстүү чапан менен отургандай... Сүрөттөрдүн бирин жакындатып көрүшкөндө Курманжан датка көз айнек тагынгандай сыяктанат. Айрым интернет колдонуучулар көргөн көзүнө ишенбей, сүрөт чындап эле оригиналында ак-кара эмес, түстүү болуп тартылган эмеспи деп суроо салышууда.
Бул сүрөт орус армиясынын чалгындоо жүргүзүү максатындагы 1906-1908-жылдар аралыгында орун алган азиялык экспедицияда тартылган. Экспедициянын курамында болгон полковник Карл Густав Маннергейм Кытайга бара жаткан сапарында Кыргыз өлкөсүнүн аймагында болгон. Ал 1906-жылы Санкт-Петербург шаарынан Самаркандга чейин "Кодак" фотоаппараты, 2 миңдей айнек фотопластинкалар салынган 490 килограммдык жүгү менен поезд жана пароходдордун жардамы аркылуу жетип, андан ары Ош облусуна ат үстүндө келген. Маннергейм Ошто жана Алайда бир катар сүрөттөрдү тартып, ошондой эле айтылуу Курманжан датканын өзүнө жолуккан.
Жогорудагы түстүүгө айлантуу керемети ушуну менен эле токтоп калган эмес. Алымбек датканын урпактарынан болгон Жаныбек Адышев социалдык баракчасында Курманжан датканын боёк берилген башка сүрөттөрүн жарыялаган. Nurbek Nas'тын жазганына караганда, ал бардык сүрөттөрүн нейросеть аркылуу өткөрүп көргөн, бирок сапатына жараша жыйынтыкка ээ болгон.
Сүрөт орус адабиятчысы Иван Ювачевге (Курбан-Джан, кара-киргизская царица Алая //Исторический вестник. -1907. -№12) таандык.
Солдон оңго карай: француз чыгыш таануучусу Пол Пеллиот, Курманжан датка, анын небереси жана келечектеги Финляндиянын президенти, генерал Карл Густав Маннергейм. Сүрөт Алай ханышасынын боз үйүндө тартылган.