Кечээ, 27-июлда Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитетинин жыйыны болуп өттү. Аталган жыйын онлайн түрүндө өтүп, анын алкагында 2020-жылкы сезондун Премьер-Лига, Улуттук Лига жана Кыргыз Республикасынын Кубогунун регламенттерине өзгөртүүлөр киргизүү маселеси каралды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.
Жыйындын соңунда Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитети 2020-жылкы сезондун Премьер-Лига, Улуттук Лига жана Кыргыз Республикасынын Кубогунун регламенттерине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизди. Алсак, өзгөртүүлөр мелдештин форматы жана катышуучулары, оюнчуларды каттоо, беттештерди медициналык регламент жана ИФАБ бекиткен 2020-2021-жылкы Оюндун эрежеси менен өткөрүү боюнча киргизилди. Жыйындын жүрүшүндө "Лидер" командасынын Премьер-Лигада катышпай тургандыгынан улам, мелдештин 8 командадан турган жаңы курамы бекитилди.
Ошондой эле жыйында өлкөдөгү кырдаалды жана өзгөчө футбол чөйрөсүн эске алуу менен быйылкы жылы "KFU Football Awards - 2020" аземин өткөрбөө чечими кабыл алынды.