Казакстан "чек арадан мыйзамсыз өттү" деп камалган 2 жаранды Кыргызстанга кайтарып берет

Казакстан "чек арадан мыйзамсыз өттү" деп камалган 2 жаранды Кыргызстанга кайтарып берет. Муну бүгүн, 13-сентябрда өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Кыргызстандык Элдияр Узаков менен Үсөн Узаков казак чек арачылары тарабынан 12-июлда кармалып, убактылуу камакка алынган эле. Сот аларга административдик айып салуу чечимин чыгарыптыр. Алардын канча суммада айып төлөшү айтылган жок. Жакын арады ушул эле кылмыш боюнча айыпталып, Казакстанда кармалып турган 9 жаран боюнча да соттун чечим чыгарышы күтүлүп жатканын билдирет өкмөттөн. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан