Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын капитаны Валерий Кичин уулдуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз футболдук союзунан (КФС) билдиришти.
Маалыматка ылайык, Валерий Кичиндин жубайы Алина Кичина Орусиянын Красноярск шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде көз жарган.
Валерий Кичин 2019-жылы сентябрь айында үйлөнгөн.