Шаар күнүнө карата 4 балдар аянтчасы курулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын муниципалдык долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы Медет Бургоев билдирди. Анын айтымында, ар бир балдар аянтчасынын курулушуна 30-40 миң доллар жумшалат. "Учурда "Туран", "Ак-Тилек" аймактык кеңештеринде курулуш иштери башталды",- деди Бургоев.
Айта кетсек, балдар аянтчаларын өз убагында бүтүрүү үчүн жоопкерчилик аймактык кеңештерге жүктөлгөн.