Бишкекте кампа өрттөндү. Ээлери ШКУнун саммитин күнөөлөп жатат

Бүгүн, 13-сентябрда саат 05:00 чамасында Фучик көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Кырсыктан кампада сакталып турган кийимдер, эмеректер толугу менен күйүп кетти. Учурда өрт толук өчө элек, 5 өрт өчүрүү бөлүмү иштөөдө. Кампа ээлери келтирилген чыгым 500 миң доллар экенин жана окуяга ШКУнун саммити да зыянын тийгизгенин айтышууда. Анткени өрт чыккан учурда өрт өчүрүү кызматына кабар берилип, бирок өрт өчүрүүчү унаалар ШКУнун саммитине байланыштуу убактылуу жабылып турган көчөдөн өтө албай бир нече мүнөт күтүп турушуптур. Бул учурда жалын күч алып кеткенин айтышууда кампа ээлери.   

Кампадагы өрткө ШКУнун кандай тиешеси бар?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aidai2010
2013-09-13 12:26:51
Бул кырсык, болгону 5 минута кутуп туруп калыптыр, ошончо жалынды 5 минутта очуруп кала алмак эмес, 5 машина аран очуруп жатат.
0
Gulzhan
2013-09-13 12:50:43
Бироону куноолгондон мурда,сак болбойсунарбы.
+1
tynara81
2013-09-13 16:30:19
Кырсык каш кабактын ортосунда дейт. Орт очуруучу унаалардын кеч келишине куноолуу болсо болгондур ШКУ, бирок орттун чыгышына ким куноолуу? Саммитти куноолоп эмне табышат. Бирок склад ээлери аз зыян тартышпаптыр, байкуштар((
0
Aviator
2013-09-13 19:29:15
эртен менен 6да куйуп атканын коргом. 10 бригада болсо да очо турган эмес болчу. Кудай сактасын мындай кырсыктардан.
0
PROS
2013-09-13 20:35:55
Элдер озубуздун куноону башкалардан издегенди адат кылып алдыкпы эмне?! Бул деген кырсык да, саммитти куноолобой кампаларды стандартка жооп бере турган кылып колдонуш керек да!!! Кыргызчылык кылып халтурага жол беребиз да анан эле куноону башкадан издеп жатып калабыз!!!
0
aytpaymyn
2013-09-13 22:51:58
мен билем буга Бакиев же Атамбаев куноолуу
-1
adiltim
2013-09-14 17:27:22
туптуура айтасын мен сага кошулам
0
NUR-01
2013-09-14 11:16:52
озуно сак бол,кошнанды ууру тутба.эмне озунор жакшы карабайт белен электро жагыны
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан