Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэйтжи 24-октябрда беттешет

Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов менен америкалык мушкер Жастин Гэйтжи 24-октябрда беттешет. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт CNN басылмасына билдирген.

"Хабиб менен Гэйтжинин беттеши 24-октябрда болот. Хабибге атасы каза болгондон бери оор болуп жатканын түшүнүп турабыз. Ал атасы менен өтө жакын мамиледе болчу", - деген Уайт.

Дана Уайт беттеш кайсы жерде өтөрүн айткан эмес.

Буга чейин сентябрь айында өтө турган UFC 253 турнирине Хабиб Нурмагомедов катышпай тургандыгын мушкердин менеджери Ризван Магомедов билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан