Кызыл-Кыяда унаа уурдаган өспүрүм кармалды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында автоунаа уурдаган өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-июль күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Кулатов көчөсүндө өзүнүн Деу-Дайхатсу үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз жаран тарабынан уурдалып кеткен. Бул факты Кызыл-Кыя ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кызыл-Кыя ШИИБинин кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, уурдалган унаа Кадамжай районунун Алга айылындагы көчөлөрдүн боюнда алды тарабы сүзүлгөн абалда табылган. Ошондой эле шектүү кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында Ош шаарында качып, жашырынып жүргөн жеринен Баткен шаарынын 16 жаштагы А.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, ушул эле өспүрүм 21-июль күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы "Баяман баатыр" базарында иштеген К.Ж. аттуу жаранга таандык Мерседец-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын ичинен сумканы уурдап кеткен. Ошондой эле сумканын ичинде 195 миң сом жана унаага тиешелүү документтер болгондугу аныкталган. Кылмышка шектүү Ош шаарынан кармалганда жанынан уурдалган сумка жана унаанын документтери далил буюм катары алынган. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан