Кулатуу боюнча машыктыруучу Эмил Токтогонов "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу" наамына ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Жогорку даражадагы спортчуларды даярдагандыгы жана спортчуларды тарбиялоодо кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле Мамагенттиктин коллегиясынын 2016-жылдын 23-декабрындагы №11-2 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясына ылайык «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу» спорттук наамы кулатуу боюнча машыктыруучу Эмил Токтогоновго ыйгарылды", - деп жазылган билдирүүдө.
Эмил Токтогонов дүйнө чемпиону аталган бир нече мушкерлерди машыктырган.