"Huawei" дүйнөлүк рынокто биринчи жолу "Samsung" компаниясын артка калтырды

Дүйнөлүк рынокто "Huawei" биринчи жолу "Samsung" компаниясын артка калтырды. Мындай маалыматты "Canalys" изилдөө компаниясы дүйнөлүк смартфондор рыногунун 2020-жылдын экинчи чейрегиндеги отчётунда жарыялаганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, "Huawei" 55 миллион 800 миң смартфон чыгарган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 5 пайызга көп болгон. Ал эми "Samsung" 53 миллион 700 миң смартфон чыгарып, 2019-жылдын экинчи кварталына салыштырмалуу 30 пайызга төмөн болгон.

"Huawei" компаниясы жергиликтүү рынокто 8 пайыздан 72 пайызга чейин өндүрүшүн көбөйтө алган. Ал эми экинчи кварталда чет өлкөгө экспорттоо 27 пайызга төмөндөгөн.

"Huawei" - дүйнөлүк ири компаниялардын бири. 1987-жылы Кытайда Жэнь Чжэнфэй тарабынан негизделген.

"Samsung" - дүйнөлүк ири компаниялардын бири. Түштүк Кореяда 1932-жылы Ли Бён Чхоль тарабынан түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан