Мекке шаарында мусулмандардын ажылык зыяраты башталды. Быйыл пандемияга байланыштуу чет элдик зыяратчылар ажылыкка катыша албайт. Мындай чектөө Сауд Арабиясынын тарыхында биринчи жолу киргизилди.
Адатта 180ге жакын мамлекеттен эки миллиондой адам беш күнгө созулган ажылык жөрөлгөлөрүн аткаруу үчүн барышчу. Быйыл он миң киши гана зыярат кыла алат, алар падышалыктын жарандары.
Алардын баары коронавируска тест тапшырып, ажылыкка чейин жана андан кийин эки апталык карантин чараларын сактоого макулдугун билдиришкен. Мекке шаарына башка аймактардан баргандардын дене табы текшерилип, жүктөрү дезинфекцияланууда.
Белгилей кетсек, ушул жылдын февраль айында Сауд Арабиясы Мекке менен Медина шаарларына чет өлкөлүк зыяратчылардын кичи ажылыкка же умрага келишин чектеген.
Расмий маалыматтарга ылайык, Сауд Арабиясында 270 миңдей адам коронавирус жуктуруп алган.