Орусиянын Каржы министрлиги топтолгон шектүү каражаттарды конфискациялоону сунуштап жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул мыйзам долбоору даярдалып, өкмөткө жөнөтүлдү. Азырынча топтолгон каражаттын мыйзамдуулугу кимдер тарабынан текшерилери, шектенүүнү жараткан минималдуу сумма канча болору белгисиз.
"Финансы министрлиги Бюджеттик кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анда жарандардын топтолгон каражатынын мыйзамдуулугу тастыкталбаса, Орусия Федерациясынын пенсиялык фондуна которулат. Бул норма колдоо тапса, ушул жылдын декабрь айында күчүнө кириши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.