Жолдошуңуздан бир кызыктай болгон кандай белек алгансыз? Ханзаада Уильям жубайына тартуу кылган белегин эстеп бети кызарды

Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям жубайы Кейт Миддлтонго тартуу кылган белегин эстеп бети кызарды. Ал бул тууралуу BBC Radio Five Live радиосунун берүүсүнө катышып жатып айтып берген.

Алып баруучу менен баарлашуу учурунда ханзаада жубайы ушул күнгө чейин эсине түшүрүп турган белек тууралуу сөз козгогон. Бир кызыктай болгон белектин айынан ал убакта кыз-жигит болуп жүргөн жаштар мамилесин бузуп алууга аз калган. Буга улай алып баруучу да үч жыл бою удаасынан жубайына жамгырда кийүүчү жамынгыч бергенин эстеп күлгөн.

Уильям Кейт Миддлтон менен болгон алгачкы жолугушууларынын биринде ага дүрбү белек кылган. "Белек жаккан жок. Чынын айтсам, дүрбү алуу ою мага кандай келгенин деле билбейм. Алып жаткан учурда жакшы идеядай сезилген", - деген ханзаада.

Балким, сиз дагы жолдошуңуздан бир кызыктай болгон белек алган чыгарсыз? Комментарийде ой бөлүшө кетиңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Begimkyz
2020-07-30 18:45:12
Биздин атабыз романтик эмес) бизде белек бермей жашабайт) абересин деп атып алдырып эле албасам)))
+19
Dikowka93
2020-07-30 23:29:33
Begimkyz,,андада аберсе десениз;)))
+14
AidaKurman
2020-07-30 23:41:00
Бир куну тамак жасап атсам, жолдошум келди. Жаным жур сага сонун белек алып келдим дейт. Машинага жеткиче 50 кадамдай бар. Ал арада эмнелерди гана ойлободум дейсиздер. Суйунуп алганымчы:) Барсам багажнигин ачып чон кара чака (челек) берсе болобу. Кайра кайра суу ташып кыйналбасын деп чонун тандап алдым деп койот:) Жакпадыбы деп сурап койгонучу дагы:) Бирок чаканы коргон сайын бир жылмайып алам. Жууп тазалап Жакшы колодоном 2жарым жыл болду жапжаны боюнча. :)))
+13
Oratorkg
2020-07-31 14:30:43
AidaKurman, Выдумкаңар жакшы экен.
+1
Balam_bakytym
2020-07-31 00:37:18
Bizdin atabyz dele ushul. Uilongonubuzgo 5 jyl boldu, akyrky jolu 5 jyl murun gul bergen eken boidokchylykta )
+5
nelli
2020-07-31 01:17:18
Альпен гольд шоколад берет айда жылда, озу жегиси келгенде))))
+8
NSKA
2020-07-31 10:05:20
nelli,))) биздин атабыз дагы ошондой
+2
Nuri1988Elim2010
2020-07-31 09:20:04
Духи, косметика белек кылат.
+1
Balshi
2020-07-31 11:41:09
Мага 8 мартка шуруповёрт Белек кылган,ээрчитип барып ОЗУ,ошондо тан калгам.
Ал эми азыр ошол эн керектуу буюм уйдо,кармаган сайын эстеп,айтып турам.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан