Казакстандын саламаттыкты сактоо министри жарандарга бет кап тагып жүрүүнү милдеттендирген буйрукка кол койду

Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой жарандарды коомдук жайларда бет кап тагып жүрүүгө милдеттендирген буйрукка кол койду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ага ылайык, мындай буйрук COVID-19дун санитардык-эпидемиологиялык абалга карата оорунун жайылышын токтотуу үчүн иш-аракеттердин натыйжалуу болушу жана эл көп жүргөн жерлерде вирустун жайылбоосу үчүн кабыл алынган.

Мындан тышкары ооруну жайылтуучу элдин тобун аныктоо, ар бири жеке гигиеналык каражаттарды колдонуусу, антисептикалык каражаттарды пайдалануусу, бири-бири менен байланыш болбой турган термометрлерди пайдалануу, үйлөрдүн, мекемелердин ичин желдетип туруу тартиптери эскертилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан