Кытайда сегизинчи кабаттан кулаган адам аман калды

Кытайдын Шэньчжэнь шаарында сегизинчи кабаттан кулаган адам аман калды. Ал унаанын үстүнө кулап түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

28-июлда 21 жаштагы Чжан аттуу жигит көп кабаттуу үйдөн кулап түшкөнү боюнча полицияга кабар келип түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, ал эс-учун жоготкон эмес жана эч кандай жаракат алганы билинбеген. Ал жерден өз алдынча туруп, тротуарга он мүнөттөй отурган. Андан кийин аны ооруканага алып кетишкен.

Күбөлөрдүн айтымында ал ордунан тургандан кийин өңү кубарып, тердей баштаган. Ошондой эле кулап түшкөн унаанын үстү жагы өтө жумшак болгон.

Жабырлануучунун туугандарынын айтымында Чжан абдан түнт бала болгон. Акыркы убактарда ал депрессия болуп жүргөн. Учурда полиция эмне болгонун териштирип жатат. Жергиликтүү тургундардын айтымында, унаа имараттын алдында көптөн бери токтоп турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2020-07-31 09:56:39
Кудай сактаган экен.
0
bazar
2020-07-31 10:24:01
Кудай чоң сактаптыр. Бирок бул эчнерсе эмес. 13 этаждан кулап тирүү калган адам болгон. Бир колун оруксунтуп алган.
0
faraon312
2020-07-31 11:16:19
Ажалың келе элек болсо 100-кабаттан куласаң да бир себеп менен аман каласың.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан