Беларустун Минск шаарынын Бангалор аянтында президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун башкы атаандашы Светлана Тихановскаяны колдогон тарапташтар тарабынын минтинг болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жызып чыгышты.
Ага ылайык, бул митинг акыркы убактагы, тагыраагы 10 жыл аралыгындагы беларусиялык оппозициянын эң көп эл чогулган акциясы болуп калды. Акция кечээ, 30-июлда өтүп, ага жалпы 63 миңге чукул адам катышкан. Митингде Тихановская, анын штабындагы мүчөлөр жана саясий туткун болгондордун жакындары сөз сүйлөгөн.
Митинг бийлик менен түзүлгөн келишимге ылайык, кечки саат 22:00 чамасында аяктаган. Беларустун коопсуздук күчтөрү тарабынан акциянын катышуучуларынан кармалгандар болгон эмес.
Беларуста президенттик шайлоо 9-августка белгиленген.