Ошто жеке ишкердин автоунаасын тартып алып жаткан жеринен крим чөйрөнүн өкүлү кармалды

Ош шаарында жеке ишкерди коркутуп 3,5 миң доллар талап кылган крим чөйрөнүн өкүлү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Айыпталуучу 1982-жылы туулган К.Б. аттуу жаран. Мурда адам өлтүрүү кылмышы боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган, бирок жаза мөөнөтүн 5 жыл өтөгөн соң шарттуу түрдө эркиндикке чыкканы белгилүү болду. Факты боюнча ишкер милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылыптыр. Кылмышкер 3,5 доллардын ордуна ишкердин автоунаасын алып жаткан жеринен колго түштү. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген айыпталуучунун үйүн тинтүү учурунда “РГД” үлгүдөгү жардыргыч зат жана “Калашников” автоматынын октору табылды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
inoplanetyanin
2013-09-13 16:08:19
net vremeni obyasnit'! rasstrelyat' takih!
-1
ma4ak
2013-09-13 16:26:13
Азыр 20 адамдын бироосу созсуз "черный" болот. Кудайдан коркпогондор десе эртенки жашоонор,бала-чаканар,ата-эненер эмне болор экен?
-1
ilgez
2013-09-15 00:31:11
Черныймын дегендерди атам десен уй булон жаквндарынан коркосун , атбасан анда налог салат . Эмне кылыш керек?
Тамыры менен кууратыш керекби ???
0
Aruuzat_19
2013-09-16 09:54:49
Черный деп ким таап чыкты экен, кыргызстан болбой эле калдыго, Италия жолдо калды. Карасан озубуздун эле кыргыз балдар, кайра эле озубуздукулорду коргоштун ордуна тоноп журушот, ушул да кандай болсун, кейип гана кетесин, ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан