Украиналык рэпердин өлүмү. Маркумдун аялы күйөөсү каза болгондон кийин гана аны жиликтегенин айтууда

Украиналык рэпер Энди Картрайт жиликтенип, анын сөөгү беш баштыкка салынган абалда табылган. Кийинчерээк рэпер жубайы тарабынан жиликтенгенин чет элдик басылмалар жазып чыгышкан. Маркумдун аялы күйөөсү каза болгондон кийин гана аны жиликтегенин айтууда деп жазылат маалыматта.

Рэпер пандемия учурунда жумушун жоготуп, депрессияга чалдыкканы, мындан улам баңги затын көп колдоно баштаганы аялы тарабынан айтылган. Аялы үйүнө барганда жолдошу каза болгонун, анын жанында ийне жатканын көргөн. Айтымында, жолдошу баңги затын ашыкча колдонуудан улам көз жумган.

Рэпердин жубайы тергөөчүлөргө күйөөсүнүн өлүмүнүн себебин жашыруу үчүн төрт күн бою сөөктү жиликтеп аны дайынсыз жоголгондой көрсөтүүнү каалаганын айткан. Ал мындай ишке сүйүүдөн, күйөөсүнүн дарегине карата уятсыз бир нерсени эстегиси келбегендиктен барганын кошумчалаган.

Жолдошун жиликтегенден кийин аялы "кылмыш жасадым" деп эсептеп, полицияга кайрылууну чечкен. Рэпердин аялы полиграф тестинен өтүүгө даяр экендигин билдирген.

Ал эми баштапкы экспертиза рэпер өлүмүнүн алдында баңги затын колдонбогонун көрсөткөн деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baatirbek81
2020-07-31 21:23:59
Жаман иш болуптур!
Бишкекте дагы болду эле мындай окуя!
+3
Imon7
2020-08-02 10:24:57
Сууга чоккон адам саманга жармашат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан