Тажикстан президенти Эмомали Рахмон ШКУну 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы иштелип жаткандыгын айтты

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммитинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон уюмду 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы иштелип жатканын билдирип, аны иштеп чыгууга көмөктөшүүгө эксперттерди жана окумуштууларды чакырды. Айтымында, дүйнө өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу туруктуу өнүгүү боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү керек. Ошондой эле Рахмон ШКУнун банкын түзүү керектигин билдирди. Айтымында, финансылык механизмдери жок экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн эмес. “ШКУга мүчө мамлекеттердин бирден-бир максаты - карапайым калктын жашоосун жакшыртуу болуп саналат. Ал үчүн соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү зарыл”,- деди президент.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан