Талас облусунун башчысынын жардамчысы велосипедчен адамды сүзүп алып, ал каза болду

Талас районунда кечээ, 30-июлда өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин жардамчысы Марслатбек Шералиевдин катышуусундагы жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык кечээ, 30-июль күнү саат 17:30 чамасында Көк-Мойнок айылында Toyota runner унаасын 53 жаштагы Марслатбек Шералиев башкарып бара жаткан. Ал батыштан чыгышка карай бара жатып, жол жээгинде кетип бара жаткан велосипедчен адамды сүзгөн. Андан кийин жол четинде токтоп турган Мерседес-Бенц Гигант унаасын сүзүп токтогон.

Ал эми велосипед тээп бара жаткан жабырлануучу 23 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Ал Манас райондук ооруканасына жеткирилген. Айдоочуну экспертизадан өткөрүшкөндө ал мас абалда болгону аныкталган.

Манас РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Унаа айып короосуна токтотулган.

Бүгүн, 31-июлда ооруканада жаткан жабырлануучу алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болду. Ал эми айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
engel
2020-07-31 14:04:01
Ии байкуш каза болуп калыптыр да... жаны жанаттан болсун!
+2
AdylbekB84
2020-07-31 14:36:09
Ошон үчүн мас абалында айдагандар үчүн катуу мыйзам кабыл алыш керек 150 000- 200 000 сомго чейин штраф салып! Ошондо ойлоноор рульга отураарда!
+5
Taalaibek.
2020-07-31 18:37:56
AdylbekB84,Бул акча аздык кылат. Правасын айрып, омур боюу рулга олтургузбаш керек.
+3
Nina.alex
2020-07-31 15:05:46
Ото эле мас экен. Таламандын так тушто болгон окуя
+6
gute
2020-07-31 15:21:53
Копкон айбан десе. Элдин машинасын элдин зарплатасын алып ичип
+4
molorbaev
2020-08-02 12:58:40
Сволочь, бейкүнөө бирөөнүн өлүмүнө себеп болуп... Атып эле салса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан