Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен болгон жолугушууда оң колу таңылган абалда чыкты. Бул сүрөт социалдык тармакта талкууга алынып, көпчүлүк колдонуучулар муну коронавирус менен байланыштырып жатышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Буга чейин Александр Лукашенко Ички иштер министрлигинин 3214 аскер бөлүгүндө болуп, коронавирус инфекциясы менен ооругандыгын айткан.
Май айынын аягында дагы журналисттер Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун коронавируска каршы күрөшүү боюнча аймактык оперативдүү штабы менен болгон жолугушуусунда колун таңып алгандыгын байкашкан. Ал эми Кадыров ден соолугу жайында экенин, башка адамдардай эле иммунитетин көтөрүү үчүн тамчылатма дары алууга укугу бар экендигин билдирген.