Ысык-Көлдө жаранды компромат маалыматтарыңды чыгарам деп коркутуп, андан 200 миң сом акча талап кылганга шектүү адам кармалды

Ысык-Көлдө жарандан компромат маалыматтарыңды чыгарбайм деп 200 миң сом акча талап кылган адам кармалды. Маалыматты Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 27-июль күнү УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын 57 жаштагы К.Т. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Өзүнүн арызында ага белгисиз адам компромат маалыматтарды ачыкка чыгарбаш үчүн андан 200 миӊ сом акча каражатын опузалап талап кылып жаткандыгын билдирген.

Аталган факты жазык кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап акча талап кылуу) менен Ысык-Көл облусу боюнча УКМКБнын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык-процесстик кодексинин 153-беренесинин негизинде тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн материалдар Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

"Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында, акча каражатын опузалап жаткан шектүү адамдын аты-жөнү аныкталды. Ал 49 жаштагы Каракол шаарынын тургуну Б.А. болуп чыкты. 30-июль күнү Ысык-Көл ОИИБинин тергөө кызматы жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн тергөө ыкчам иштеринин натыйжасында, шектүү Б.А. кармалып, анын автоунаасынын ичинен жактоочунун катышуусунда далил катары 150 миӊ сом өлчөмүндөгү акча каражаты табылды.

Кармалган адамдын баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында шектүү адамдын компромат материалдардын далилдери да текшерилет", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан