"Ала жипти аттаганын моюндады". Орусияда балдарынын көзүнчө аялын өлтүрүп салган адам кылмышка эмне себеп болгонун айтып берди

Орусиядагы Новобелокатай шаарынын жашоочусу Александр Алексеев аялын балдарынын көзүнчө бир нече жолу бычак сайып өлтүргөн. Орусиялык маалымат булактары окуя 29-июлда орун алганын, бүгүн күйөөсү аялын өлтүрүүгө эмне себеп болгонун айтып бергенин жазышты.

Ага ылайык, жубайлар 1 жарым жана 4 жаштагы эки баласы менен чогуу унаада бара жатышкан. Бирок ортодо кызганычтан чыр чыгып, күйөөсү аялын жолдун четинде өлтүрүп салган. Окуяга күбөлөр полиция чакырышкан, күйөөсү тартип сакчылары келгенге чейин аларды күтүп турган. Окуя болгон кезде унаада түгөйлөрдүн 2 баласы да болгон. Күйөөсү тергөөгө берген көрсөтмөсүндө ошол учурда өз кыймыл-аракеттерин толук түшүнбөй, өзүн башкара албай калганын билдирген.

"1 жарым жана 4 жаштагы 2 баласы менен жолдо бара жатканда, аялы анын көзүнө чөп салып жүргөнүн, көңүлдөшү күйөөсүнүн жакын досу экенин айткан. Буга ачууланган күйөөсү аялын өлтүрүп салган. Бирок тергөөдө ал аялын сүйөрүн, учурда өзүн абдан жаман сезип жатканын айткан", - деп жазылат маалыматта.

Анда белгиленгендей, учурда балдарды каза болгон аялдын апасы карап жатат. Ал эми маркумдун күйөөсү укук коргоо органдары тарабынан кармалып, сурак берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mateus
2020-07-31 21:03:36
Тең укуктуулуктун жыйынтыгы
+16
Imon7
2020-08-01 17:06:47
Эркек болуп калбайсынбы до конца суйом куйом дебей
+2
Belek1710
2020-08-07 01:05:20
Ала жипти аттады, жиликтеп өлтүрдү деген эле үрөй учурган жаңылык кетпей койду го менин телефонуман, ачсаң эле турат биринчи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан