Кечээ, 31-июлда саат 20:38 чамасында Ак-Тилек кичи шаарчасынын 20-көчөсүнүн №16 дарегинде жайгашкан түрак үйдөн өрт чыккан. Андан кийин өрт кошуна жайгашкан №18, №20 турак үйлөрүнө жана 19-көчөдө жайгашкан №17, №19 үйлөрүнө өткөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрттүн жалпы аянты 350 чарчы метр. Өрттү өчүрүүгө 4 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок.
Мындан сырткары Ош шаардык жашылдандыруу ишканасынан 1 суу ташуучу унаа, ИИМден 4 экипаж, шаардык газ кызматынан 1 бригада тартылган.
Өрт саат 21:40та чектөөгө алынып, саат 00:24тө толук өчүрүлгөн.
Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.