Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-августта берген кезектеги маегинде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышына байланыштуу электр кубаты жетишсиз болушу мүмкүндүгү боюнча жооп берди.
Мамлекет башчысы суунун тартыштыгы бардык эле региондо байкалып жатканын баса белгиледи.
"Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Аба ырайына жараша Токтогулга келе турган суу 17 миллиарддын тегерегинде болот деген божомол болгон. Бирок "ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына дагы суу азыраак келип калды", - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Былтыркыга караганда азыркы учурда 2 миллиард 400 миллион куб суу аз экенин баса белгиледи, ошол эле маалда суу июнь менен июль айларында кирерин билдирди.
"Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгерде кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эгерде күн жылып, ысып кетсе, мөңгү-кар бар, суунун келиши көбөйүп, сырттан электр энергиясын сатып алганга зарылдык болбойт. Өзүбүздүн күчүбүз менен чыгабыз, буюрса", - деп жыйынтыктады президент Сооронбай Жээнбеков.