Орусиялык шоумен Максим Галкин орустардын примадоннасы аталган Алла Пугачёва менен ажырашты деген имиштерге реакция кылды. Шоумен "Говорит Москва" программасында маек берип жатып, бул имиш тууралуу комментарий берүүдөн баш тарткан.
"Мен эч нерсе дей албайм", - деген Галкин.
Буга чейин, орусиялык басылмаларда Алла Пугачёва Максим Галкинди таштап кетиши мүмкүн деген имиштер пайда болгон.
71 жаштагы Алла Пугачёва менен 44 жаштагы Максим Галкин 2011-жылы баш кошкон. Жубайлар Лиза жана Гарри аттуу эгиздерди тарбиялап келишет. Телеалпаруучу жана юморист үчүн бул биринчи никеси болсо, ырчы үчүн бешинчиси.