Кечээ, 1-августта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, унаа жол толугу менен жабылган. Натыйжада 150-200дөй адам өтө албай калып, артка кайтарылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"1-август күнү катуу жааган жаандан улам Жети-Өгүз айылынан Көк-Жайык жайлоосуна бара жаткан унаа жолдо сел жүрүп, жол толугу менен жабылган. Сел жүргөн жерге тиешелүү иш алып баруу үчүн Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ куткаруучулар, айыл аймактан 1 жүктөгүч унаа, 1 спринтер жана 5 менчик жеңил унаа тартылган.
Айыл өкмөтүнөн тартылган унаалардын жардамында, жолдон өтө албай калган эс алуучуларды Жети-Өгүз курортуна алып келишкен. Болжол менен 150-200 адам. Ал эми унаа жол саат 22:00 чамасында бир тараптуу тазаланып ачылган. 2-август күнү жолду тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлөт", - деп билдиришти ӨКМдан.