"Баары каза болду". Өзбекстандык жаран унаасында өзүн үй-бүлөсү менен кошо өрттөдү

Коңшу Өзбекстандын Шахрисабз шаарында 41 жаштагы жаран унаасынын эшигин ичинен бекитип, бензин чачып өзүн, жубайын жана жашы жете элек үч баласын кошо өрттөп салган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Башкы прокуратурасына таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 1979-жылы туулган жаран аялы менен уруша кетип, Lada автоунаасында өзүн, аялы, уулу жана эки кызы (2008, 2009 жана 2014-жылы төрөлгөндөр) бензин чачып, өрттөп жиберген.

Күбөлөр дароо жабырлануучуларды ооруканага жеткиришкен. Алар жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, унаада кыздардын бири калып, ошол жерде каза болгон. Тилекке каршы, үй-бүлөнүн калган мүчөлөрү ооруканада көз жумган.

Бул окуя боюнча Шахрисабз райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Dikowka93
2020-08-02 16:06:25
Олсон озун оло бербейсинби байкуш наристелерде эмне кунооо,:((
+29
33SUUN
2020-08-02 17:27:03
Кээ бир адамдар ойлошот экен, катын бала чакам бул менин менчигим мен каалагандай колдонуп башкарам деп.Жок, -Тугаандар андай эмес!Катын бала чакан Алладан сага берилген аманат!Ушуну билбегендер ушундай кадамга барышат.
+46
modem4999
2020-08-02 17:32:35
33SUUN,сонун айтыптырсыз.
+14
mira28
2020-08-02 23:44:18
33SUUN,мен ошондои жашоодо жашап жатам.куиоомдун тушунугу дал ошондои.мени жана балдарын менчиги катары корот.жашоом тумандап баратат.
+3
Jasi.jasi
2020-08-04 00:42:36
mira28 озунузду этият кылыныз сабыр!
0
ulua
2020-08-02 18:12:50
Жакшы экенда, баарынын олуму учун аркы дуйнодо пожизненный суракта илинип турат экен терисинен, бала чакасына бейиш берсин Аллахым
+7
Saidochka
2020-08-02 18:17:25
Прокуратура кылмыш ишин кимге карата козгоду ошондо. Кылмышкер, жабырлануучулары менен кошо олуп кетишсе
+8
akmanai
2020-08-02 22:34:10
Saidochka,Окуяга эмне себеп болгонун иликтесе керек. Балким уй булодогу чырга сырттан башка адамд себепкер болушу мумкун
+2
daniel87
2020-08-02 18:25:57
Аялына куйоосу, куйоосуно аялы менчик эмес, ушунчалыкка бирин бирин жеткизбеш керек, баардык нерсенин алдын алып уй булоону сактап суйуу, мээрим, колдоп коштоп, кыйын кундо жанында болуш керек, любой конфликтный ситуацияда компромиске баруунун жолдорун издеш керек.
+4
nnn.sss
2020-08-02 18:52:28
Бейкуноо наристеде эмне айып((( Балдарынын куйуп атканын элестетип журогум ооруп чыкты(((
+9
ilgizk
2020-08-03 02:01:55
Сөз жок эркеке аялы менен урушуп кетсе балдарда эмне күнөө
+1
algakaray
2020-08-03 09:31:16
Ушундай жанылыкты окуп балдарына боорум ооруду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан