Дүйнөдөгү эң жаш өкмөт башчы аталган Финляндиянын премьер-министри Санна Марин расмий түрдө турмушка чыкты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Санна Марин жана Маркус Райкконендин үлпөт тою 40 адамдын катышуусунда болуп өткөн. Тойго алардын жакындары жана достору катышкан.
Түгөйлөр 16 жылдан бери жакын мамиледе болуп келгендиги маалыматта айтылат.
Санна Марин 34 жашында былтыркы жылдын 10-декабрында Финляндиянын премьер-министри болуп шайланган. Жыйынтыгында ал дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр аталган.